Саясат

Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу Токаевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Каспий деңизинде аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

Жапаров Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары машыгуу учурунда каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирди.

“Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Тектеш кабарлар

Back to top button