Коом

Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия жогорулайт

Кыргызстанда эртеңден тарта пенсия орточо эсеп менен 455 сомго жогорулап, анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

нын айтымында, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

“Жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес каражат чегерилет”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button