Окуялар
Бишкектеги «Вефа» соода борборунда бала бийиктиктен кулап кеткен, абалы оор

Бишкектеги «Вефа» соода борборунда 11-августта беш жашар бала 3-кабаттан кулап кеткен. Маалыматты Биринчи май райондук милициясы ырастады.
Окуядан кийин бала ооруканага жеткирилген. Ал жактан бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн айтышты. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бала башынан жаракат алган.
Милиция факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, жыйынтыгы менен кошумча малымат берилерин билдирди.


