Пайдалуу кеңештер
Август айында кайсы мөмө жемиштерди көбүрөөк жеш керек?

Адистер август айында сезондук мөмө-жемиш жана жашылчаларга басым жасоону сунушташат.
Алар суу, витамин жана клетчаткага бай болуп, организмдеги суюктук балансын сактоого жардам берет.
Бул айда кабачки, капуста, жүзүм, анжир, карагат, кара өрүк, алмурут, нектарин жана өрүктү көбүрөөк колдонсо болот.
Ал эми дарбыз менен коонду ашыкча жегенде ичегиде ачытуу процесси пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле, бадыраң да организмге пайдалуу, анын 90–95 пайызы суудан турат, ошондой эле калий жана клетчаткага бай.



