Маданият

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка чыкты

31-августта «Бишкек Аренада» өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Маалымдалгандай, ага 7 жаштан жогорку курактагылар кире алат. ticket.gov.kg сайтында сатылган билеттин баасы орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин болот.

Иш-чарага кирүү Face ID аркылуу жүргүзүлөт. Андыктан билет ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылып, аны башка адамга берүүгө же кайра сатууга болбойт. 31-августтагы аземге башка мамлекеттердин башчылары да катыша тургандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чара стадиондун расмий ачылышы эмес. «Бишкек Арена» расмий 5-октябрда шоу-концерт менен салтанаттуу ачылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button