Коом

ВИДЕО: Кыргызстанда пандемиянын курмандыктары тууралуу тасма тартылды

Өлкөдө коронавирус алгачкы катталган 2020-жылдын март айында Бишкектеги дарыгерлердин COVID-19 менен күрөшү, курмандыктар көп катталган июнь-июль айларындагы абал жөнүндө кыскача даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу тасма жаратуучулар кабарлады.

Тасмада дарыгерлер адамда мурда кездешпеген оору менен күрөшүү канчалык оор болгону айтып беришкен.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 852 адамга жетти. Бул аралыкта 173 622 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери жалпы 2610 адам каза болду. Бир күндө 84 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 451 адам ооруканада, 684 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө 2020-жылы июндун акырында жана июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар «кара июль» деген аталыш менен элдин эсинде калган. Эң жогорку көрсөткүч катары 2020-жылдын 15-июлунда 85 адам каза болгону, 19-июлунда илдет бир суткада 1485 кишиден табылганы айтылып жаткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button