Коом
Автоунааларды бак-дарактын алдына токтотпогула! Бишкек мэриясы эскертүү берди

Бир нече күн бою Бишкекте жаан-чачын жаай турганына байланыштуу шаардык муниципалитет автоунааларды бактардын түбүнө токтотпоого чакырды.
Мэрия жөө адамдарды дагы сак болууга үндөгөн.
«Жаан-чачын катуу жаап жаткандыгына байланыштуу шаардыктарды жолдо абайлап жүрүүгө чакырабыз. Автоунааларды бактардын ийилип калган оор бутактарынын алдына токтотпоңуздар», — деп айтылат маалыматта.
Бак-дарактардын кулап же бутактардын сынганын көргөндөр болсо мэриянын 1840, 1850 Сall-борборуна чалып, сүрөттөрүн 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтө алышат.
Эске салсак, өткөн жылдары борбор калаада бактар кулап, токтоп турган машиналарды талкалаган учурлар катталган.



