Окуялар

Ала-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак тартылат

Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери күчөтүлүп, ага тик учак тартылат. Бул тууралуу 9-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

​Издөө операциясын күчөтүү тапшырмасы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан онлайн жыйында берилди. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, тажрыйбалуу альпинисттер жана ыктыярчылар иштеп, аймак дрондор менен да текшерилүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button