Коом
Нарында башталгыч класстарга IT программаларын окутуу пландалууда

Нарын облусунда башталгыч класстын окуучуларына IT программаларын окутуу пландалып жатат. Бул тууралуу облустук администрация маалымат таратты.
Нарын облустук администрациясында бул планды ишке ашыруу боюнча жыйын өтүп, билим берүү тармагынын, IT компаниялардын өкүлдөрү, мектеп директорлору теманы талкуулашкан.



