ЖК Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоого чакырды

Жогорку Кеңеш Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоого чакырышты. Бул тууралуу жыйында бир нече депутат билдиришти.
Улукбек Карыбек уулунун айтымында, ага мигранттардан Россия Федерациясында туш болуп жаткан көптөгөн көйгөйлөр боюнча көп сандаган кайрылуулар келип түшүүдө.
«Алардын арасында каттоого алуу маселелери да бар. Элчилик жана консулдук кызматкерлер бул багытта ишти күчөтүшү керек», — деди ал.
Депутат Айгуль Ахмедова да Россияда жүргөн кыргызстандыктар майда себептер менен эле көзөмөлдөнгөн адамдардын реестрине кирип калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул тизмеге кирген жарандар депортацияланат.
«Эреже бузду деп табылгандарды Москва облусундагы “Сахарово” борборуна алып барып, бир айга чейин кармашат жана оор шарттарда иштетишет. Мындан тышкары, документтерди тариздөө орто эсеп менен 70 миң рубль турат, ал эми айрым жарандар эки-үч айлап кезек күтүп, иштей албай калышат», — деди эл өкүлү.
Айгуль Ахмедова өкмөттү Россияда мыйзамдуу иштөөнү жеңилдетүүгө, миграциялык жол-жоболорду, каттоону жана эсепке алууну жөнөкөйлөтүүгө, документтерди кароону тездетүүгө, жарандарды узак кезектерден жана негизсиз депортациядан коргоого чакырды.



