Коом

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жылытуу мезгилине карата отун таратылды

Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады.

«2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилин ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, 360 аз камсыз болгон үй-бүлө отун менен камсыздалат.

Ишкана болжол менен 540 метр куб отунду бекер берүүнү пландап жатат, ал өз кезегинде Бишкектин муниципалдык аймагындагы куураган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган», — деп жазылган маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button