Коом

Бишкекте «Асман Парк» оюн-зоок борбору ачылды

Бишкектин түштүгүндөгү «Асанбай» сейил багында заманбап «Асман Парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору ачылды. Анын аймагында бийиктиги 92 метр болгон «Бишкек жылдызы» күн дөңгөлөгү орнотулуп, ишке киргизилди.

Аталган жай «Асанбай» паркын реконструкциялоонун негизинде түзүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бул жерде аймакты комплекстүү реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Ачылыш аземге калаа башчысы Айбек Жунушалиев катышты.

«Бүгүн борбор калаабызда дагы бир сонун жай — «Асман Парк» ачылып жатат. Көп жылдар бою кароосуз калган аймак бүгүн заманбап, коопсуз жана эс алууга ыңгайлуу жайга айланууда», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

«Асман паркта» заманбап эс алуу жана көңүл ачуу жайлары, сейилдөөчү аллеялар жана балдар үчүн аянтчалар бар. Ошондой эле парктын аймагына 1000ден ашык бак-дарак жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button