Коом
Малик Бектурганов башкы прокурор болуп дайындалды

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңеш анын башкы талапкерлигин жактырган.
Парламенттин жыйынында катталган 88 депутаттын 87си «макул» деп добуш берди.
Белгилей кетсек, Бектурганов мурда башкы прокурордун биринчи орун басары болчу.



