Окуялар

Бишкекте карылар үйүнөн өрт чыгып, 2 адам каза тапты

Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Мындан тышкары, 15 адам эвакуацияланган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев окуя болгон жерге барышты.

Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен оор абалда жаткан паллиативдик бөлүмдүн эки бейтабы каза болду. Дагы 11 бейтап ооруканаларга жеткирилип, көмүртек кычкылы менен уулануу коркунучунан улам байкоого алынган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын июль айында мекемеде өрт жана тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, бардык өрт коопсуздугу чаралары белгиленген тартипте сакталган.

Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган эмес. Өрт паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир гана палатасында болгон. Зарылчылыкка жараша эвакуация жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга окуянын жагдайларын аныктоо үчүн бардык документтерди кылдаттык менен карап чыгууну тапшырды.

Өрттүн себеби компетенттүү органдардын тыянагынын негизинде аныктала

Тектеш кабарлар

Back to top button