Коом

Бишкекте суткасына 18 тонна балыкты кайра иштеткен ишкана ачылды

Бишкек шаарынын Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүнүн толук циклин камтыган «Вилби» ЖЧКсынын заманбап комплекси расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жаңы ишкана балыкты кайра иштетүүдөн тартып, даяр продукцияларды өндүрүүгө, ошондой эле аларды заманбап муздаткычтарда сактоого чейинки бардык этаптарды өзүнө камтыйт.

Ишкана суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүүгө жөндөмдүү жана күнүнө 10 тоннага чейин даяр тамак-аш өндүрөт. Заманбап кампалары бир убакта 1 500 тонна продукцияны сактай алат.

Ишканада 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлдү.Долбоор өлкөдөгү заманбап өндүрүштү модернизациялоонун негизги өнөктөшү болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button