Окуялар

Тыюу салынган буюмдарды түрмөгө киргизүү аракети токтотулду

2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан №8- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан тыюу салынган буюмдарды колонияга киргизүү аракети токтотулган. Бул тууралуу ЖАМКнын коомчулук менен байланышуу Секторунун башкы адисти Элеонора Сабатарова билдирди.

Көрүлгөн  иш чаралардын натыйжасында мекеменин кызматкерлери тарабынан атайын жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат (болжолдуу түрдө гашиш) желим баштыкка оролгон жалпы салмагы 680 граммды түзгөн 2 таңгак кармалды.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине  катталып, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button