Коом

Милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБдин өздүк курамына тааныштырылды

Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.


Жаңы дайындалган башчыны өздүк курамга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев бүгүн өздүк курамына тааныштырды.
“Баткен милициясы коомдук коопсуздукту сактоодо өз милдеттерине так иш алып барат, мындан сырткары чек ара аймактарында да элдин тынчтыгын сактоодо Баткен милициясынын орду чоң. Ошондой эле, жаңы дайындалган жетекчинин алдында бир топ аткара турган иштери турат. Эң башкысы Баткен облусунда жана чек арага жакын аймактарда коомдук тартипти сактоо, кылмыштулуук менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды аткаруусу зарыл”,-деди Нурбек Абдиев өз сөзүндө.


Белгилей кетсек, кадрларды ротациялоо — башкаруу системасын өркүндөтүү менен сапаттуу кадрларды жогорулатууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button