Спорт

«Токио-2020»: Өзбекстан улуттук курамасы Олимпиадага 500 банка өзбек палоосун алып барды

Коңшу Өзбекстандын улуттук курамасы Олимпиадага 500 банка өзбек палоосун жана 200 даана өзбек нанын алып барышкан. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, алар өзбек курамасынын өкүлдөрү палоо жана нанды өздөрү үчүн эмес, башка өлкөлөрдүн спортчуларын сыйлоо үчүн жана өзбек элинин меймандостугун көрсөтүү максатында ала барышкан.

Ошондой эле бир канча күн мурун өзбек курамасынан алган сый тамактардан орусиялык спортчулар даам сызганы да айтылды.

Өзбекстан «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында азырынча бир алтын жана бир коло медаль утту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button