Коом
Бишкекте троллейбус менен автобустар саат 22:00гө чейин иштеп жатат

Бишкекте автобус менен троллейбустар кечки саат 22:00гө чейин иштеп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Саат 11:00гө карата линияда 120 троллейбус жана 73 автобус эл ташууда. Ал эми кызматтагы маршруткалардын саны – 1096.
Мэрия коомдук транспорттун графиги мурдагыдай эле экенин белгиледи.
Муниципалитет буга чейин коомдук транспорттун иши боюнча кайрылуу үчүн байланыш номерлерди жарыялап, 1850, 1840 сall-борборлору иштеп жатканын дагы эскерткен.
WhatsApp-номерлер:
- Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруткалар) — (0502) 20-52-02;
- Автобустардын ишин караган автотранспорттук ишкана — (0555) 89-85-55;
- Бишкек троллейбус башкармалыгы — (0990) 30-60-76.



