Коом

Мектепке кеткен боюнча дайынсыз. Сузакта 9 жаштагы Сумая Хосилжанова изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылынын тургуну 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 120-130 сантиметр, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Кандайдыр бир маалымат болсо милиция кызматкерлери кабарлап коюну өтүнөт. Байланыш телефону: 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button