Спорт

Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Бегалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Майкл Лиге каршы килем үстүнө чыгып, каршылашын 11:0 эсебинде жеңди.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтөт.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргоодо:

1. Калмурза Жолдубаев — 70 кг (грек-рим күрөшү);
2. Талант Бегалиев — 70 кг (эркин күрөш);
3. Роман Сарыбаев — 88 кг (эркин күрөш);
4. Арген Бегалиев — 88 кг (эркин күрөш);
5. Чынарбек Изабеков — 100 кг (эркин күрөш);
6. Сааданбек Ниязов — 130 кг (эркин күрөш).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button