Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясы өтүүдө. ВИДЕО

Ок атуучу куралдардын колдонуусу менен, ар кандай кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды тегеретүү чөйрөсүндө укук бузуларга жол бербөө максатында, Ысык-Көл облусунун аймагында 22- ноябрынан тартып, «Арсенал» операциясы өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынан билдирди.
Аталган операцияга 300дөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандар тарабынан катталган куралдардын сакталышынын эрежелери текшерилүүдө, ошондой эле мыйзамсыз сактап жүрүшкөн куралдардын ээлерин аныкташууда. Иш чаранын негизге максаты — курал-жарактардын ээлери тарабынан, куралдарды колдонуу, сактоо эрежелери боюнча профилактикалык иш аракеттерди көрүү жана мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыярлары менен өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин алып баруу болуп саналат.

Операциянын биринчи күнүндө, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 4 мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталып алынды, анын ичинен 1 сайлуу жана 3 сайсыз мылтык. Аталган факт, шаардык милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Андан тышкары, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Түп районунун Шаты айылынын тургуну, атасынан калган, катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Милиция кызматкерлери аталган жаранга, мылтык тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, кайрадан анын атына мыйзамдуу түрдө катоого болорун эскертишти.
Ысык-Көл ОИИБден белгилегендей, мыйзамсыз сактаган курал-жарактарды өз ыктыярлары менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликтен бошотуларын эскертишүүдө.
«Арсенал» операциясы уланууда.



