Саясат

Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы соңку үч жылдык иштерди гана текшерүүгө алты айлык убакыт кеткенин белгилеп, чогултулган материалдарды башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырды.

«Акчаны жөн эле кечип салган фактылар бар. Мисалы, адреси жок фундаменти куюлган жерди үй же мекеме катары каттап ушул карызын төлөй албай калды деп миллиондогон сомду кечип салат. Электр энергиясы ушундай жол менен жоголууда. Курманкул Токторалиевич, ушул маселени сизге берем, эки айда карап чыгыңыз. Ар бир райондук прокурорго өзүнчө тапшырма бериңиз, кайсы даректе канча электр энергияны кечкенин изилдеп чыгышсын. Мен жарым жылда акыркы үч жылдыкты гана текшерттим. Мына ушундай фактылар чыгууда. Андан ары түшсө бир жылдан ашык убакытты алат эле», — деди Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button