Коом

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат. Учурда анын кампасында 259,625 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 20-октябрга карата ЖЭБдин орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түздү. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү 2,4 миң гигакалорияга жетти.

ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, кайчылаш байланыштагы 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар.

“Учурда үч казан агрегаты, эки турбоагрегат жана №3, №4 энергоблок иштеп жатат. Үч казан агрегаты жана үч турбоагрегат оңдоодо болсо, тогуз казан агрегаты жана эки турбоагрегат резервде турат”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button