Коом

Кыргызстанда 100 айыл өкмөтүнө жайыттарды өнүктүрүү үчүн 100 миң доллардан бөлүнөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асылбек Сатывалдиев билдирди.

Анын айтымында, каржылоо Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун 21,4 миллион доллар өлчөмүндөгү насыясынын эсебинен жүргүзүлөт.

Айыл өкмөттөр конкурстук негизде тандалып алынат. Мында каражаттарды облустар арасында пропорционалдуу бөлүштүрүү, деградацияга учураган жайыттардын аянты жана аларды калыбына келтирүү үчүн буга чейин жүргүзүлгөн үрөн себүү иштеринин көлөмү эске алынат.

Бөлүнгөн каражаттын 70 пайызы жайыттарды жакшыртууга, ал эми 30 пайызы калкка альтернативдүү киреше булактарын түзүп берүүчү ишканаларды ачууга багытталат. Бул жайыттарга түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн министрликтин алдында ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9 миллион гектардан ашык жайыт жерлери бар. Адистердин маалыматына ылайык, анын 137 миң гектары деградацияга учураган, дагы 614 миң гектары түшүмдүүлүгү төмөн жайыттарга кирет. Айрым аймактарда деградациянын деңгээли 70–80 пайызга чейин жетет.

Жайыттардын начарлашына негизинен малды көзөмөлсүз жана ашыкча жаюу, жайыттарды кезектештирип пайдаланбоо жана климаттын өзгөрүшү себеп болууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button