Саясат

«Ырыс-Ордодо» Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйыны башталды

Бишкекте Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары башталып, уюмга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлдү.

Парламенттен билдиришкендей, бүгүн «Ырыс-Ордо» конгресс-холунда өткөн Ассамблея Кеңешинин отурумунда Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай символикалык балканы Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге тапшырды.

Марлен Маматалиев Кыргызстандын төрагалыгы учурунда санариптик трансформация, жасалма интеллект, транспорттук-экономикалык байланыштар, жаштардын парламенттик процесстерге катышуусу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар болорун белгиледи.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламент жетекчилери катышты. Ошондой эле ТүркПАнын XV пленардык жыйынынын күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button