Коом

Араванда дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылып, аны өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. ФОТО

Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Араван районунун тургуну 1969-жылы туулган Ю.К., аттуу жаран киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 29-ноябрь күнү ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун тургундары 34 жаштагы А.Б., 28 жаштагы Ш.О., жана 27 жаштагы Р.Ф., аттуу жарандар өлтүргөндүгү аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, тергөө башталган.

Аталган факт, Араван РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, мындай окуянын чыгуу себеби маркум менен кылмышка шектүүлөрдүн ортосунда аласа-бересе болгондуктан талаш-тартыштар улам уруша кетип аягы өкүнүчтүү окуя менен аяктаган.Учурда кылмышка шектүү жарандардын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин  аныктоо боюнча да ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, аталган факты боюнча 2021-жылдын 27-ноябрь күнү маркумдун баласы 22 жаштагы Ю.Ж., аттуу жаран Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу атасы 2021-жылдын 20-ноябрь күнү Россия Федерациясына барамын деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button