Коом

Балыкчыда милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана мигранттардын балдарына белек тартуулашты

Жаңы жылдын алдында мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана эмгек мигранттарынын балдары менен кезигип, аларга майрамдык маанайды тартуулоо, милиция кызматкерлеринин жашкы салттарынын бирине айланып калды. Бул жолу, балдарга мейманга Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын орунбасары Акылбек Бекишев жана Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыковдор барышты.Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Меймандардын келишине, шайыр жана кайраттуу балдар өзгөчө кубанып, аларды жакын адамдары катары тосуп алышты. Тартип сакчылары, ушундай шартта жашаган 15 жаш өспүрүмдөргө ар кандай канцтоварларды, оюнчуктарды, жер-жемиш жана таттууларды белек катары тапшырып, аларга майрамдык маанайды тартуулашты. Ал эми балдар болсо, милиция кызматкерлерине окууда жетишкен ийгиликтери жана келекчектеги ой максаттары менен бөлүшүп, кеңири айтып беришти.

«Бардык балдар бактылуу балалыкты баштарынан өткөрүү үчүн жаралган. Алардын маанайынан күлкү кетпеши керек. Аймактын милиция кызматкерлеринин башкы максаты – балдардын кубанычын жана жарык маанайын көрүү болуп эсептелинет. Ошондуктан, ар бир майрамда балдарга мейманга келип, аларга белектерди тапшырып кетүү аманаты, биздин жакшы салтыбызга айланып калды», — деп, белгилей кетти Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button