Президенттик жарыш: Талапкерлерди колдогон кол топтоо өнөктүгү кызыды

«Түндүк» тиркемесинин акыркы маалыматтарына таянсак, президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөткөндөрдү колдогон шайлоочулардын саны туруктуу өзгөрүп турат.
Акыркы көрсөткүчтөргө ылайык, учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаровду колдогон шайлоочулардын саны 49 миң 144кө жетти. Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 10-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган эле. Ал бир суткага жетпеген убакытта эле талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон 30 миң колду топтоого жетишкен.
Ал эми «Түндүк» тиркемесиндеги маалыматтар боюнча калган талапкерлерди колдогондордун саны төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү түзүүдө:
Сыймык Жапыкеевду— 19 миң 90 шайлоочу.
Аймен Касеновду— 16 миң 79 шайлоочу.
Исхак Масалиевду— 11 миң 256 шайлоочу.
Азамат Эсенбековду— 8 714 шайлоочу.
Акай Кыдыровду— 5 205 шайлоочу.
Шайлоочулардын колдоо көрсөткөн сайын тиркемедеги сандык көрсөткүчтөр өзгөрүп турары белгиленүүдө. Колго топтоо өнөктүгү улантылууда.



