Саясат

Бактыбек Калмаматов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал арызын бүгүн берген. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт.

42 жаштагы Калмаматов 2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button