Ашууларда кар жаап, унаа кыймылына чектөө киргизилди

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап жаткандыгына байланыштуу ашууларда жолдорду тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, айрым тилкелерде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Бишкек – Ош унаа жолунун 114-138 жана 198-209-чакырымдарында кар тазаланып, жолго кум-туз аралашмасы себилүүдө. Каттам ачык.
Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайына байланыштуу 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Өтмөк ашуусунда да кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда каттам ачык. Ал эми Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымындагы «Алим» оор жүк ташуучу унаалар токтотуучу жайынан тартып жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Боом капчыгайында жамгыр жаап жатканы менен жолдор таза жана каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алууга, ылдамдыкты азайтып, жол эрежелерин так сактоого жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.



