Окуялар

Баткенде улгайган аялды аёосуз сабаган шектүү чек ара кызматында иштечү

Баткендин Кадамжай районунда кайнисинин баласы тарабынан сабалган аялдын абалы жакшы. Бул тууралуу  аталган райондун Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жээнбек Маканбаев билдирди.

«Бул окуя бир туугандардын арасындагы өз ара пикир келишпестиктен улам чыккан. Аялды кайнисинин баласы сабаган. Ал Айдаркен шаарында чек ара кызматына иштечү. Азыр эми камакта. Шектүүнүн үй-бүлөсү жакшы жашаган адамдар болчу. Азыр бул үй-бүлөнүн апасы ооруп арабада отурат. Анын себебин билбейм.

Сабалган аял дагы үй-бүлөсү менен тынч жашаган амдардар болчу. Азыр ал Ош шаарында ооруканада жатат. Абалы жакшы», — деди айыл өкмөт башчы.

Буга чейин 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button