Дүйнө

Пандемиянын мизи кайта элек. 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын абалы кандай болот?

Дүйнөдөгү ири банктар стагфляция абалын (экономикада өсүү темпи акырындап, ошол эле учурда баалардын жогорулашы, — ред.) алдын алууга болгон күч-аракетин жумшашы керек. Бул тууралуу «Прайм» агенттигине Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институтунун лаборатория жетекчиси, экономист Александр Абрамов билдирди.

Адистин айтымында, ар кайсы өлкөлөр экономикасын жөлөп-таяп туруу үчүн кошумча каражат бөлүп жатат.

«Бирок пандемия дагы деле мизин кайтара элек. Кесепетинде энергия ресурстары кымбат, логистика көйгөйү, локдаун коркунучтары турат. Демек, кайсы бир ишкананын өсүп-өнүгүп кетүүсү татаал», — деди ал.

Мындай шартта, экономисттин пикиринде, борбордук банктар өздөрүнүн ставкаларын көтөрүп коюшу мүмкүн. Андай болгон учурда өзү эле араң жан болуп турган экономикага ого бетер сокку урулат. Натыйжасында экономика өнүкпөгөнү менен баалар кымбаттагандан кымбаттап кете берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button