Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн семинар-тренингдин иши яктады

Каракол шаарында милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине, жаңы реалдуулукка негизделген балдар менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын үйрөтүү семинар-тернингдин акыркы этабы болуп өттү. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
Белгилеп кетсек, март айынан баштап, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын демилгеси жана Кыргыз Республикасында Мыйзам үстөмдүгү программасынын 2-фазасын ишке ашыруунун алкагындагы Людвиг Больцман адам укуктары институтунун колдоосу, ошондой эле «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондусу менен биргеликте бир катар семинар-тренигтер уюштурулуп, анда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринен сырткары, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, орто окуу жайларынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышып, зомбулуктун алдын алууда өспүрүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү формалары каралып чыкты.

Жыл аралыгына жакын, «Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун атайын психологдору жана кесипкөй адистери семинар-тренигдин катышуучулары менен бирдикте, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана өз жандарына кол салуунун алдын алуу боюнча профилактика тутумун өнүктүрүүдөгү жаӊы инновациялык ыкмаларды карап чыгышты. Тренингдерде презентация, мини-лекциялар, коомдук анализ, таанып билүү көнүгүүлөрү, оюн техникалары, ой чабуул, интерактивдүү сабак, сурамжылоо, пикир жана талкуу сыяктуу окутуу түрлөрү колдонулду.

Семинар-тренигдин акыркы этабында катышуучулар алган билимдерин иш жүзүндө колдонулган жыйынтыктарын айтып беришип, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана окуучу балдардын ортосунда түзүлгөн ишеним мамилеси пайда болгондугун, ошондой эле, милиция кызматкерлери мектеп турмушунда активдүү катыша баштагын белгилешти.
«Балдар укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, семинар-тренингдин негизги максаты – профилактикалык иштерди өткөрүп жаткан бардык мекемелердин өкүлдөрүнүн көңүлдөрүн, жардамга муктаж болуп жаткан баланын кызыкчылыгына буруу болуп эсептелинет.



