Кыргызстанда пенсионерлердин иштөө эрежелери өзгөрүшү мүмкүн

Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда жаш адистерге көбүрөөк жумуш орундарын түзүү максатында эмгек мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин кароону сунуштады.
Жолугушууда тургундардын бири пенсия курагындагы кызматкерлер ишин улантып, жаш адистер ээлей турган орундар бошобой жатканын айтты.
Буга байланыштуу билим берүү тармагынын өкүлү мугалимди пенсия курагына жеткени үчүн гана жумуштан бошотууга болбой турганын түшүндүрдү. Учурдагы Эмгек кодекси кызматкерлердин укуктарын коргойт. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү талап кылынат.
Маалыматка ылайык, айрым мектептерде 65 жаштан ашкан мугалимдер иштесе, кээ бирлери 70 жашка чейин сабак беришет.
Президент бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары менен талкуулап, мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону сунуштады.
Азырынча мыйзам долбоорун даярдоо же кабыл алуу мөөнөтү боюнча так маалымат берилген жок.



