Коом

Болочок соттук эксперттер эксперттик кызматтын иши менен таанышты

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун «Соттук экспертиза» адистигинде окуган студенттер үчүн Соттук-эксперттик кызматта конок лекция уюштурулду.

Иш-чарага кызматтын башкармалыктарынын жана профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жолугушууда студенттерге соттук эксперттердин ишинин өзгөчөлүктөрү, эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартиби, ошондой эле корутундулардын объективдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн адистердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.

Андан соң студенттер Соттук-эксперттик кызматка экскурсия жасап, эксперттердин практикалык ишмердүүлүгү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процесси менен таанышышты.

Мындай иш-чаралар болочок адистердин теориялык билимдерин тереңдетип, практикалык тажрыйба топтоосуна жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button