Окуялар

Бишкекте аба тазалагычтын ичинен 4,5 млн. сомдук баңгизат табылды

Бишкекте 1 килограмм 64 грамм баңгизат менен 28 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн посылканы алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен психотроптук каражат табылган.

ИИМдин билдиришинче, шектүү төрт айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайларга бекитип кетүү менен алектенип келген. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, табылган препараттар мыйзамсыз сатылганда баасы 4,5 миллион сомду түзмөк.

Аталган операция КР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Россия ИИМинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгы жана Федералдык бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Учурда интернет-дүкөн аркылуу иш жүргүзгөн кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button