Мэр: Таштандыны кайра иштетүүчү завод толугу менен жеке инвестордун каражатына курулду

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод буга чейин 49 миң тонна калдыктарды утилдештирди. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ишкананын ишке кириши — акыркы убактагы эң чоң сыймык, мындан тышкары завод толугу менен жеке инвестордун каражатына курулганын эске салды.
«Бишкек бир тыйын да коротпой, завод куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Инвестор курулушка 95 миллион доллар салды», — деди шаар башчысы.
Айбек Жунушалиев ошондой эле Бишкек шаардык таштанды полигонын реконструкциялоо боюнча ийгиликсиз долбоорду эске салды.
Ал долбоор үчүн 22 миллион евро көлөмүндө кредит алынган.
«Учурда кылмыш иши козголуп, мурда кызматта болгон бир нече адам камакка алынды», — деп белгиледи мэр.
Жаңы ишкана өзүнүн эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн көрсөтүүдө: завод 49 миң тонна катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетти. Бул таштандылардын көлөмүн кыскартууга гана эмес, санитардык полигондогу көп жылдык экологиялык көйгөй — түтүндүн чыгышын чечүүгө да мүмкүндүк берет.



