Коом

Ысык-Көлдө унаа жолго чуркап чыккан 5 жана 9 жаштагы эже-сиңдини сүзүп алган

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылынын Кыдыр аке менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде 7-январь күнү жол кырсыгы катталган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 35 жаштагы Ш.О. аттуу айдоочу “Ниссан-Патрол” унаасы менен жолго чуркап чыккан 5 жаштагы Т.К. жана 9 жаштагы Т.Р. аттуу эже-сиңдини сүзүп алган.

Жол кырсыгынан жабыркаган кыздар Ак-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты маалыматтарды каттоо журналына алынып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button