Коом

Адылбек Касымалиев “Манас” аэропортундагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Манас” эл аралык аэропортундагы реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда аэробекет комплексин 20 миң чарчы метрге кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат, ал эми бардык иштер аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты болжол менен 60 миң чарчы метрди түзөт.

Ошондой эле, учуп-конуу тилкесин капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктагандыгы жана көрүнүү чектелген шарттарда да учууларды аткарууга мүмкүндүк берген CAT III системасы ийгиликтүү ишке киргизилгендиги айтылды.

Муну менен катар 650 унаага ылайыкталган жабык унаа токтотуучу жайдын, аэропортко баруучу жаңы кирме жолдун жана унаа токтотуучу жай менен терминалды байланыштырган жөө адамдар өтүүчү жабык өтмөктүн курулушу жүрүп жатат.

Иш сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгышы өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button