Коом

Рамиз Алиев: Шаарда көпүрөлөр жана транспорттук өтмөктөр жетишсиз

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев шаар жолдорунда башталган тыгындарга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Окуу жылы башталганда борбор калаада жол тыгындарынын көбөйүшү салтка айланган.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин Бишкектеги жолдордун жалпы узундугу 2 миң 800 чакырымды түздү.
Анын ичинен 1 миң 400 чакырымы шагыл жолдор.

Рамиз Алиев белгилегендей, шаарда көпүрөлөр жана транспорттук өтмөктөр жетишсиз, ал эми айрым көчөлөр учурдагы унаа агымы үчүн өтө тар.

Шаар жетекчисинин орун басары жол кырдаалына жол кыймылынын эрежелерин бузуу жана унааларды туура эмес жерге токтотуу да таасир этип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин моюнга алды.

«Тургундарыбызда азырынча жеке унааны коомдук транспортко караганда артык көрүп, тыгында турууга көнүмүш адат бар», — деди Рамиз Алиев.

Вице-мэр жол тыгындары өзүнө да кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

«Мен да бардык шаар тургундары сыяктуу эле күн сайын тыгында турам. Шейшемби жана бейшемби күндөрү сөзсүз коомдук транспорт менен жумушка барам. Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бул күндөрү муниципалитеттин бардык кызматкерлери автобус же велосипед менен жүрүшү керек. Ошондуктан жол тыгындарынын бардык көрүнүшүн күн сайын өзүм да ичинен көрүп жатам», — деп бөлүштү Рамиз Алиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button