Коом

«Ак-Суу” Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинде кадрлар даярдала баштады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак Суу” Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинде алгачкы окуу жылына арналган “Билим аркылуу бийиктиктерге” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага окуучулар, ата-энелер, педагогдор, иш берүүчүлөр жана лицейдин өнөктөштөрү катышты. Алар лицейдин концепциясы, билим берүү багыттары жана туризм тармагындагы кесиптер менен таанышты.

“Биздин лицей үчүн бул жөн гана сабактардын башталышы эмес, жаңы билим берүү жамаатынын жаралышы. Ар бир окуучу өзүнүн маанилүүлүгүн сезип, тандаган кесибинин келечегин көрүп, билим, урматтоо, кызматташтык жана айлана-чөйрө үчүн жоопкерчилик адамга чыныгы бийиктиктерди багындырууга жардам берерин түшүнүшүн каалайбыз”, — деди лицейдин директору Банур Абдиева.

Белгилей кетсек, “Ак-Суу” республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи Кыргызстандын туристтик индустриясы үчүн кадрларды даярдоонун негизги борборлорунун бири болуп, өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө

Тектеш кабарлар

Back to top button