Кыргызстанда жаңгакты чет өлкөдө таанытуу үчүн жаңы бренд иштелди

Кыргызстанда жаңгак үчүн «Кыргыз Жангак» бренди жана аны улуттук деңгээлде жайылтуу боюнча маркетинг планы иштелип чыкты. Документтер акыркы бекитүүгө сунушталды.
Бекитилгенден кийин продукцияны жаңы бренд менен таанытуу жана чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу боюнча иштер башталат.
Долбоордун негизги максаты — жаңгактын Кыргызстанга таандык экенин керектөөчүлөргө таанытуу. Учурда продукция негизинен «грек жаңгагы» катары белгилүү болсо, демилгечилер кыргызстандык жаңгактын өлкөбүздөн чыкканын көрсөтүү менен сатылышын каалашат. Бул жаңгактын түрүнүн атын өзгөртүү эмес, кыргызстандык продукцияны соода аркылуу жайылтуу болуп саналат.
Бренддин үстүндө иштөө 2025-жылы башталган. Июнь айында Айыл чарба министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери жана маркетинг боюнча адистер кирген.
Долбоордун алкагында жапайы өскөн жаңгакты жайылтуу стратегиясын, фирмалык жасалгасын, экологиялык таңгактамасын жана санариптик платформасын иштеп чыгуу, ошондой эле брендди укуктук жактан коргоо маселелери каралган.
Өзгөчө көңүл Жалал-Абад облусунун токойлорунда өскөн жаңгакка бурулган. Ага буга чейин «Арстанбаптын жапайы жаңгагы» деген географиялык көрсөтмө катталган.
Иштеп чыгуучулар жаңы бренд кыргызстандык жаңгакты эл аралык рыноктордо өлкөбүздүн продукциясы катары таанытууга жардам берет деп күтүшүүдө. Алгач кайсы өлкөлөргө басым жасалары жана маркетинг планынын акыркы варианты качан бекитилери азырынча маалымдала элек.



