КоомСаясат

Эдил Байсалов Пакистандын ТИМ башчысы менен Улуттук госпиталга барышты

Алар 18-май түнү Бишкектеги чыр-чатакта жабыркаган пакистандык жарандын абалын сурашты.

Тараптар акыркы окуялар кыргыз-пакистан достук мамилесине доо кетире албастыгын белгилешкен.

«Бул окуя эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана бири-бирине болгон ишенимин сынады.  Эки өлкө жакын болушу үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деген Байсалов. 

Ал министр Мухаммад Исхак Дарды окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын, студенттер коопсуз болоруна ишендирген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button