1-сентябрдан тарта Москвада чет өлкөлүктөр үчүн «Амина» тиркемесин колдонуу милдеттүү болот

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же ал жакка барууну пландаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык каттоого туруу тартибиндеги өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.
1-сентябрдан тарта миграциялык каттоодон өтүүдө «Амина» мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон чет өлкөлүктөрдүн категориялары кеңейтилет.
18 жашка толгон төмөнкү категориядагы чет өлкөлүктөр тиркемени орнотуп, белгиленген процедуралардан өтүп, миграциялык каттоого турууга милдеттүү:
-Москва жана Москва облусундагы билим берүү мекемелеринде окуган 18 жаштан жогорку студенттер;
-аталган аймактарда иштеген чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрү;
-Москвага жана Москва облусуна жеке, конокко, туристтик жана башка максаттарда келген, иштөө менен байланышпаган жана 90 календардык күндөн ашык убакытка калууну пландаган чет өлкөлүктөр.
18 жашка толо элек чет өлкөлүктөргө «Амина» тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы жайылтылбайт.
Министрлик жогорудагы категорияларга кирген Кыргызстандын жарандарына «Амина» тиркемесин алдын ала орнотуп, керектүү процедуралардан өтүп, миграциялык каттоону өз убагында бүтүрүүнү сунуштады.
Өзгөчө студенттер, иштеп жаткан жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Москвада узак убакыт болууну пландаган кыргызстандыктар жаңы талаптарга көңүл бурушу керек.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргызстандын жарандары Россиядагы Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-курулуш.
Телефондор: +7 996 968-98-97, +7 925 030-26-27.



