Коом
Автоунаа токтотуучу жайлардын таңсыктыгы боюнча маселесин чечүү боюнча чечим кабыл алынды

Мамкурулуш төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды.
Өлкөдө сентябрдан тарта беш кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилди. Тагыраагы, эми бир батирге бир автоунаа токтотуучу жай болушу керек. Беш кабаттан бийик үйлөр жер төлөсүнө автокөлүк токтотуучу жай курууга милдеттендирилди.
Мындан ары жер төлөсүндө атайын автоунаа токтотуучу жайы жок болсо, курулушка жол берилбейт.
Турак жай курууда жаңы технологияларды колдонууга уруксат берилди. Мисалы, сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди колдонсо болот.



