Дүйнө

Россияда февралдан тарта нан кымбатташы күтүлүүдө

Россиянын нан өндүрүүчүлөрү февраль айынан тарта нан азыктарынын баасы кескин кымбаттайт деген эскертүү берди.

Россияда чыккан РБК басылмасы өлкөдөгү эң ири нан өндүрүүчү «Фацер» ишканасынын директорунун айткандарына таянып, нандын баасы 16,5-30% чейин кымбаттарын жарыялады.

Аталган компания бул маалымат тууралуу кеңири түшүндүрмө бербей, ун, транспорт, нанды орогонго кеткен каражаттар кымбат болгондуктан, баа өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Нанга карата баанын өсүшүн Иркутск облусунун «Коломенский» холдингинин жетекчиси Дмитрий Козлов да тастыктады.

Россиянын Айыл чарба министрлиги бул маалыматтарды жокко чыгарып, былтыр инфляция айыл чарба тармагында 10% көтөрүлгөнүн билдирди.

Жалпы Россияда инфляциянын деңгээли 8,39% болуп, акыркы алты жылдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. 2020-жылы инфляция 4,9% болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button