Европа Биримдиги мектеп окуучулары үчүн жасалма интеллект боюнча сертификат киргизет

Брюссель — Европа биримдиги 15 жаштагы мектеп окуучулары үчүн жасалма интеллект (ЖИ) боюнча сабаттуулук сертификатын иштеп чыгууну баштады. Бул демилге өспүрүмдөргө заманбап технологиялардын тез өнүгүшүнө ыңгайлашууга жардам берүүнү максат кылат, деп билдирет Euronews агенттиги.
Жаңы долбоор 2027–2028-окуу жылында ишке киргизилиши пландалууда. Европа комиссиясынын вице-президенти Роксана Минкатунун айтымында, жаңы стандарт окуучуларга жасалма интеллекттин иштөө принциптерин түшүнүүгө, маалыматты текшерүүгө жана манипуляцияны айырмалоого өбөлгө түзөт.
»Бул жаш окуучуларга жасалма интеллекттин кандайча иштей турганын түшүнүүгө, ал берген маалыматты текшерүүгө, манипуляцияны таанууга жана аны качан өчүрүү керектигин билүүгө жардам берет», — деп белгиледи Минкату.
Билим берүүдөгү көйгөйлөр жана ЖИнин мүмкүнчүлүгү
Демилге дүйнө жүзү боюнча мектептерде жасалма интеллекттин кесепеттери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жаткан учурда сунушталды. PISA эл аралык изилдөөсүнүн акыркы маалыматтарына караганда, Европа Биримдигиндеги 15 жаштагы балдардын үчтөн бири окуу жана математика боюнча төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ. Брюссель ЖИни дал ушул көйгөйдү чечүүдө — жекелештирилген окутуу жана репетиторлук курал катары колдонууну көздөйт.
Ошол эле учурда Брюссель жаш өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүн чектөө мыйзамын да жайылтууда. Еврокомиссия бул эки демилге бири-бирине тоскоол болбойт, тескерисинче, санариптик коопсуздукту чыңдайт деп эсептейт.



