Дүйнө
Астанада «Акаба процессинин» саммити өттү

Астана шаарында «Акаба процессинин» «Жасалма интеллект тармагындагы коопсуздук» темасына арналган саммити өттү.
Жыйынга Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери, Иорданиянын падышасы Абдалла II жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты. Тартип коргоо жана коопсуздук өкүлдөрү заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен чараларды макулдашты.
Иордания падышасы 2015-жылы негиздеген бул эл аралык демилге терроризмге каршы күрөштү координациялоону максат кылат. Труктуу уставы жок бейрасмий форматтагы бул саммит Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулду.



