Коом

Имамидин Ташов сот залында мойнун кесип жиберди

«KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун залында мойнун белгисиз нерсе менен бир нече жолу тилип жиберди.

Бүгүн, 6-декабрдагы сот отурумунда судья Ташовдун бөгөт чарасын карап, аны 8-февралга чейин камакта калтырды.

Отурум аяктап калганда темир тордун артында отурган Ташов белгисиз зат менен мойнун бир нече жолу кесип жиберди. Конвой темир тордун ичине кирип аны токтотуп калды. Бир аздан кийин алар эс-учун жоготкон Ташовду соттун имаратынан көтөрүп чыгып кетти.

Имамидин Ташовду тез жардам алып кетип, ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button